Финансылык билим берүүнүн финансылык инклюзиядагы орду
Сөздү баштаардан мурун “элим билимсиздиктин азабын тартат” деген замандаштын бул оюн эске сала кетели. Бул ойдон биз билимдин жетишсиздиги биздин артта калууларыбыздын башаты болушу мүмкүн экенин түшүнсөк болот. Бул жагынан алганда, финансылык билимдин жоктугу дүйнөнүн айрым аймактарында байкалган финансылык инклюзивдүүлүктүн төмөн көрсөткүчтөрүнүн себеби болушу мүмкүн.